Изилдоолор

«Манас» эпопеясы боюнча улуу адамдардын ойлору

«Манас» эпопесын эн алгач изилдеп, манастаануу илимине негиз салып опол тоодой эмгек кылгандар:
XV-XVI-кк Сайф-ад-дин Шах Абас ибн Аксыкенти-«Мажму ат-Таварих» атту тарыхый эмгегинде «Манас» эпопеясы боюнча эн алгач маалымат болгон. «Кол жазманын мазмунунун орчундуу болугун кыргыздар алардын уруу болунуштору, жашоо шарты айрыкча Манас батыр, анын эрдик иштери жана башка кыргыздарга тиешеси бар маалыматтар ээлейт»
Чокон Валиханов: ««Манас»-Манас баатырдын тегерегинде чогултулган кыргыз мифтеринин, жомокторунун жана уламыштарынын энцклопедиялык жыйындысы.Муну ээн талаанын Илиадасы. Кыргыздардын турмуш образы, каада- салттары, географиясы, диний жана медициналык ан-сезими, башка элдер менен карым- катнашы булл эбегейсиз эпопеяда чагылдырылып турат».
Василий Радлов: «Кыргыз баласы оз ырларында керемет жомок дуйнону баалабастан оз турмушун, оз туюмун, оз кыялын, коомдун ар бир мунозунун журок тупкурундо жашап келген идеаларды даназалайт».
Алмаши Дёрдь: « Эпостун эки болугу тен («Манас», «Семетей») кен- кесири, нукура «эпикалык мейкинге» эгедир да кайталанган жерине сан жетпейт. «Манастын кысасында» 20-минге жакын ыр бар. «Семетей» жана азыраак тараган «Сейтекте» ар биринде 30-минге жакын ыр бар, аларда «Манастын кысасында» алынган кайталоолор коп».
В. М. Жирмунский: улуу окумуштуулардын арасында биринчи болуп В. Жирмунский: « «Манас» эпосунун колому жана мазмуну жагынан карап эпопея деп атаган». Ошондуктан биз манастаануу институтунда «Манас» эпопея деп билебиз.
Е. Поливанов: «Кыргыздын баатырдык эпосунун «Илиадасы» ошол эле учурда «Кокотойдун ашын» бутундой «Одиссея» менен тенеп, ал эми «Семетейди»- Телемахида б.а. «Одиссеянын» алгачкы торт ыры менен салыштырууга болор эле. Чындыгында эле «Чон казат» бул «Илиада» кандай болсо, дал ошондой аскердик эпопея болуп эсептелет ».
Павел Берков: « «Семетей» менен «Манастагы» «жер сорусу кен Талас гимни озунун рухий кыйыркы боюнча такыр башка духка сугарылган. Анда жекече адамга тиешелуу тарыган сарнаа эмес, мекенге болгон терен суйуунун, кыргыз патриотизминин озгочо энцклопедиясы чагылат».
Мухтар Ауезов: 1952-жылында «Манас» эпосу боюнча Фрунзеде откон конференцияда суйлогон созу: « «Манас» белгилуу чыгарма, Пантуркистик, Панисламдык тушунуктордон арылтып «Манас» эпопеясын улгулуу классикалык вариянтын чыгаруу керек» деп озгочо олутту созду киргизген.
Саул Абрамзон: « Мына эми кыргыз элинин бул улуу эпопеясын дуйнолук эпикалык адабияттын эн эле асылдарынын коруусу деп айтууга толук укуктуубуз. «Манас» триологиясындай поэтикалык эстелик башка бир дагы элде жок, ал ошонусу менен ого бетер баалуу, кыргыз элинин дуйнолук маданият кенчине кошкон баа жеткис салымы».
Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматов «Манастын» бугунку кундогу мааниси жонундо ой толгоп мындай дейт: «Манас» озубузго озубузду тааныткан улуу зат «Манас» аркылуу биз озубузду-озубуз бекемдейби, ким экенибизди далилдейбиз. Ал ар бир урпак учун руханий кубат.
Б. Юнусалиев: « «Манас» эпосу 100догон жылдар бою кыргыздар учун таалим алуучу роман китептин, таасирдуу сахнанын отконду эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген».
Б. Исаков: « «Манас» эпосу элдик педогогиканын кору, уюткусу топтолгон. Эпос революцияга чейин кадыр эссе элдик китептин милдетин отогон мектеп боло аларлык эки чон оболго тен анда бар эле; бири-кенири маалымат беруучу булак манасчы, экинчиси кабыл алуучу тарап угарман».
Т. Ормонов: « «Манас» эпосу кыргыз элинин педогогикалык пансофиясы катары бааланууга тийиш».
С. Иптаров: « «Манас» аркылуу биз аэыркы жана алдынкы замандардын онутуно баар таштайбыз».