Манасчылар













Саякбай Карала уулуТоктогул ырчыНооруз
Кааба Атабек уулуСагымбай Орозбак уулуЧоодан
Шаабай Азиз уулуЖүсүп МамайНазар Болот уулу
Эстебес ТурсуналиевБагыш Сазан уулуКыдыраалы Кайназар уулу
Мамбет Чокмор уулуЫрамандын ЫрчуулКенжекара Калча уулу
Азиз Өмүр уулуЖүгөрү Назар уулу
Актан Тыныбек уулуАлмабек Тойчубек уулу
АкылбекТурдумамбет Акматалиев
Сатыбалды АалыЖакшылык (Кара ырчы) Сарык уулу
Чоюке Өмүр уулуМолдобасан Мусулманкул уулу
Тыныбек Жапый уулуАкмат Ырысменде уулу

Манасчылардын аннотациясы

ЫБЫРАЙЫМ АБРАХМАНОВ

(1888-1967) – белгилуу кыргыз жомокчусу, санжырачы, педагог, фольклорист.
Ысык-көлдүн Жети-Өгүз тарабындагы Талды-Булак деген жерде оокаттуу үй-бүлөдө туулган.
1905-жылы Караколдо татар мектебин бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. Совет бийлигинин жылдарындаАлматы, Фрунзеде мугалимдер институтун бутургон.


1935-1960-жылдары Кыргызтандагы тил, адабийатты изилдөө багы-тындагы илимий мекемелерде кызматкер болуп иштеген. Абдырахманов бүт өмүрүн кыргыз элинин оозеки чыгармаларын чогултууга арнап, С. Каралаевден “Манас”, “Cеметей” “Сейтектин” көп бөлүгүн,


1922-1926-жылдары Сагынбайдан “Манас”эпосун (400 басма табак көлөмүндө),”Эр төштүк” жомогун жазып алган, фондуга өткөргөн. Ал өзү да “Манас” “Семетей”, “Сейтек” эпосун жакшы айткан. ”Манас” трилогиясынын Абдырахманов түзгөн варианты идеялык жактан таза келип, көркөмдүк жактан жетилге Абдырахманов көп сандаган фольклордук жана тарыхый-этнографиялык материалдарды жыйноодо көп эмгек сиңирген.
Абдырахманов кыргыздын “Жаныл Мырза” дастанын да айткан. Эл арасында айтылган уламыштарды, тарыхый уламыштарды, асыресе “Казак кайын саап, кыргыздардын Ысарга киргени” деген тарыхый уламышты көлөмдүү санат ырга айландырган. “Манастын” кайсы кылымдарда болгону туралу” (1941) деген макаласында эпостун доорунун мүнөзү жөнүндөгү көптөн берки байкоолорун топтогон. “Манас” эпосун жарыкка чыгарууга да активдүү катышкан. 1948-жылы СССР жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө өткөн. Абдырахманов бир нече медалдар менен сыйланган.
БАЙЫМБЕТ АБДЫРАКМАН УУЛУ / АБДЫРАКМАНОВ (ТОГОЛОК МОЛДО) - 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган – 1942-жылы каза болгон.Жазма акын жана манасчы.
Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да,дал ошол Тыныбек болгон. Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнөтаанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон.
“Он сегиз жашка келгенде,
Акын болдум атанып.
“Манасты” бүт үйрөндүм,
Тыныбектен жат алып”



>>>>>>Уландысы бар.....




Улуу манасчылар жөнүндө
( Тоголок Молдо) Ырамандын Ырчы уулуна мүнөздөмө:

Ырамандын Ырчы уул
Өзү аяр, сынчы кул.
Кырк чоронун кырааны,
Кыраан турсун тынары.
Ырамандын Ырчы уул,
Өзү чечен ырчы кул.
Арстан Манас баатырга,
Арбак келген тушунда
Арсанаты ыр болуп
Айтылып калган тушунда
Токтогулду- Ырамандын соңунан
Иши келип оңунан
Элден таап нускасын
Арбытып айтып кыскасын
Токтогул ырчы ырдаган
Ырамандын Ырчы уул
Жомокчунун башчысы.
Баарын тизген Токтогул


>>>>>>Уландысы бар.....