Манас эпосу


«Манас» эпопеясындагы улттук мамлекеттик улуу ой максаттар.


1) «Манас» эпопеясы байыркы кырыз элинин доорундагы турмуштун баарлдык тармактарына тиешелүү идеялар көп. Мисалы, ынтымагы жок кырк уруу кыргыз урууларын бириктирүү; мамлекетти ийгиликтүү башкаруу; эркиндик; ыймандуулук; адилеттүүлүк; теңдик ж.б адамдык саппаттарынын үлгүлөрү; бүткүл өмүрүн улуттун кызыкчылыгына арнаган касиеттер же ой максаттар; улуу достук; аял менен эркектин ортосундагы теңдик мамилелер; коомдук турмуштун демократиялык негиздери; эркин,адилеттүү шайлоо; улуу-кичүүлөрдүн кереметтүү маамилелери; өмүрлүк жар ж.б.
2) Ушул идея, ой максаттардын арасында улуттук-мамлекеттик бийик дегнгээлдеги эң улуу ой максаттар бар. Алар:
а) Кырылгандан калган, туш тарапка айдалган, кор болгон кыргыз урууларын топтоо.
б) Алооке баш болгон кытай-калмактар басып турган Ала-Тоо аймактарын боштондукка чыгаруу(Ысык-Көл,Чүй,Талас,Тараз,Ташкент,Араник,Анжиян,Алай,Самаркен аймактарын).
в) Кээде ынтымагы жок, атүгүл бири-бири менен согушуп турган кырк уруу кыргыз элин( “Алтымыш уруу Алаш-кыргыз эли” деп да айтылат) ынтымакка алып келип, бириктирип, ал кездеги эң чоң жана күчтүү кыргызга душман Кытай империясына( ошол байыркы доордо эле Кытай империясынын калкы 50 млн.болгон экен) туруштук бере турган,жеңе ала турган конфедеративдик улуу империясын түзгөн.

Эн байыркы баатырдык доордо Манас бабабыз ишке ашырган ушу улуу ой максаттардын мааниси бүгүнкү кыргыз элиние тиешелүү.
1. Азыркы Кыргызстандын 1000 000 калкы 60тан ашык ар кайсы мамлекеттерде журүшөт. Алардын баардыгын жыйып келип, өз мекенине татыктуу жумуш таап берип иштетүү.
2. Кыргызстандын байыркы өтө көлөмдүү жеринен ( Алтай Саяндан улуу талаа аркылуу Орол тоолору, абескун көлүно чейин, Ала-Тоо кең Кашкардын ары жагы, Кең Алайдын бери жагынан) кичинекей гана жер калган. Акыркы кылымдарда башка мамлекетке өтүп кеткен жерди боштондукка чыгаруу керек.
3. Бүгүнкү күндө сасык саясатчылар кыргыз элин түндүк,түштүк деп бөлүп жүрөт, ар бири урууларга бөлүп, улутту урууга бөлүп, чачыраткандар көп . Ушундай нерселерди жок кылып, кыргыз элин улуттук касиетке жеткирүү зарыл.