Макалалар

«МАНАС» ААЛАМЫ – КЫЛЫМ ДОЛБООРУ.

- Арыбаңыз, Топчуке. Жакшы кабар эшиттик: Сиздин демилгеңиз боюнча «Манас» борбору курулат экен. Чынбы?
- Бар бол, айланайын. Ооба, бул ой-максат эбактан бери айтылып келген. Бирок, мамлекет башчыларынын кайдыгерлигинен, манкурттугунан, «каражат жок» деген шылтоо менен ыр менен жомокко айланган.
Эмкисинде өлкөнүн атактуу адамдары (КР баатырлары С.Эралиев, С.Жусуев, М.Мамытов, Б.Жакиев ж.б.), И.Арабаев атындагы КМУнун Манастаануу институтунун сунуш-долбоорун колдошуп, жогорку жетекчилерге кайрылуунун негизинде, ЖКнын К.Осмоналиев баш болгон Билим, маданият комитети, талкуулап, колдоп, чечим чыгарышты. Мен ыраазымын.
- Долбоордун так аты кандай?
- «Манас» Ааламы – Манастаануу борбору деп аталат.
- И-и, кулака алтын сыргадай жагымдуу ат экен. Келерки кадам жөнүндө айтсаңыз?
- Комитет эки чечим кабыл алды.
- Кандай чечимдер?
- Биринчи, биздин сунушубузду толук колдоду. Экинчиси, Жогорку Кеңештин токтом долбоорун даярдады, жактырды. Демек, эми ЖКнын чоң жыйынында каралат.
- Качан?
- Мүмкүн болушунча жакын арада.
- Бул долбоорго мамлекеттик баардык жетекчилер, мекемелер макулбу?
- Мен жогоркулардын көбү менен сүйлөштүм, кеңештим. Баары макул «Манас», Манас дегенде каршы болбойт го.
- Чечилбеген маселелер барбы?
- Манас айылынан, «Ысык-Көл» мейманканасынан бир нече чарчы жер тэ-э мурда кореецтерге берилген экен. Бирок, алар эч нерсе жасабабаптыр. «Жер кодексине» ылайыктуу, эгерде жер алгандар үч жылдын ичинде эч нерсе жасабаса, анда аны мамлекет кайра алууга укукту. Көп жыл өтүптүр. Бул жердин багы ачылат. Буюруса, биздин долбоорго кошулат.
- Эми, Топчуке, Комитет жактырып Жогорку Кеңешке жиберген сунуштар жөнүндө токтолуп кетсеңиз?
- Макул. Биринчи. Далайдан бери аңгырап, эл барбай калган «Манас» айылы, «Ысык-Көл» мейманканасы, «Манас» Ааламы – Манастаануу борборун түзүү, куруу үчүн берилди.
- Жалпы аянты канча экен?
- Расмий маалымат боюнча 15 чарчыга (га) жакын. Мынча аянт бул борборго жарашат.
- Борбордо эмне деген имараттар, мекемелер болот?
- Экинчи. «Манас» музейи курулат деп чечилди. Дүйнөдөгү жүздөгөн эпостордун ичинде «Манас» көлөмү жагынан да (бир эле Саякбай атабыздын «Манасы» 553 миң сап. Салыштырмалуу: Байыркы Индиянын эпосу – «Махабхарата»200 миң сап. Демек, «Манастан» 2,5 эсе аз; «Илиада», «Одиссея» 28 эсе аз), мазмуну, улуттук гана эмес, жалпы адамзаттык идеялары, ой-максаттарын алсак да эң улуусу. Ошондуктан «Манас» эпостордун ичинде эпопея деп аталып келатат.
Бирок, жогоруда айтылгандай, кайдыгерликтин кесепетинен, маңкурттуктун эпкининен Кыргызстандын борбор шаарында ушул күнгө чейин «Манастын» музейи, билим жана илим академиясы жок. Чет элден келген кадырлуу конокторго, саякатчыларга көрсөтө турган эмне кереметибиз бар? Жок. Бул абдан өкүнүчтүу нерсе. Биздин улуттук ар-намысыбызга шеек келтирип аткан нерсе.
- «Академия» дедиңиз. Анда эмне болот?
- Бул - үчүнчү. Манастаануу академия – окуу, илим, усул жайы болуу керек.
- Баса, Сиздин аракетиңиз менен И.Арабаев атындагы КМУда Манастаануу институту түзүлүп, адистик ачылып, сдуденттер окуй баштаптыр го. Дагы бир окуу жай-академия болобу?
- Биз баштаган Манастаануу институт эртең кеңейип академияга айланса деген тилек.
- «Манас» боюнча илимий борбор Илимдер академиясында да болушу керекпи?
- Керек. ИА курамында «Манасты» изилдөө борбору да сөзсүз керек.
- Анда, атаандаш илимий мекемелер иштейби?
- Бир жагынан, биздин долбоордун ичиндеги Манастаануу академиясынын максаты башка: билим, илим, усулдук багыттар айкеш. Экинчи жагынан, «Манас» чынында Ааламдай кенен чыгарма. Аны изилдөө, кеңири жайылтуу, даңазалоо атаандаш да, биргелешип иштей турган да мекемелердин көп болушун талап кылат. Эч бир мекеме же топ «Манасты» менчиктеп, монополист болоалбайт. Баарыбыздын жалпы кызыкчылыгыбыз – эпопеяны баардык тараптан ( тарых, философия, фольклористика, филология,, этнология, топонимика, кыргызтаануу, медицина ж.б.) терең изилдөө, туштарапка таркатуу. Бул жерде ичи тардык, кызгануу деген жарабайт. Келечек муундарга да далай жагы калат.Азырынча эпопеянын миңден бир кымындай үлүшү гана изилденген.
- Мектептерге, балдар бакчаларга, атайын орто окуу жайларга да манастаануу киргизүүнү сунуштапсыңар. Бул жагында абал кандай?
- Биздин долбоордун, Комитеттин чечимдеринин төртүнчүсү, «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзамдын, Улуттук программанын дагы бир олуттуу максаты – манастаануу сабагын келерки окуу жылдан баштап Республикадагы баардык 2004 мектептерге, 125 атайын орто жайларга киргизүү. Мейли, адегенде 9,10,11- класстар бул сабакты окуй баштасын. «Мектеп окуучуларынын жүгү өтө оор, сабактардын сааттарын кыскартуу керек» деген сөз бар. Кыскартылсын. Бирок, манастаануу сабагын тануу, көзгө илбей кою – бул маңкурттукту күчөтүү, ого бетер тереңдетүү.
- Себеби?
- Себеби, эпопеяны кеңири жайылтуу балдар бакчалардан, мектептерден башталат. Жүз миндеген кичинекей балдарыбыз, мектеп окуучуларыбыз «Манас» менен алгачкы деңгээлде таанышканда эпопеядагы ыймандуулук, мекенчилдик, эл үчүн бүт өмүрүн арнап кызмат кылуу деген керемет касиеттер алардын жан дүйнөсүнө уюлат, мындай сапаттар жаман жосундарды жолотпойт. Кеп, себеп ушунда.
Кошумча сөз –балдар бакчаларда, мектептерде манастаануу сабагын өздөштүргөндөрдүн арасынан өзгөчө мыктылары бул билим, илимдин артынан сая түшөйүн дегендери биздин азыркы Манастаануу институтка, эртең академияга келип окуса, ошондо терең билимдүү мугалимдерди, изилдөөчү-илимпоздорду, аныктоочу-эксперттерди даярдоо күч алат.
- Окуу тармактарына программа, окуу китеп, окуу куралдары барбы?
- Бар. Биринчилери бар.
- Айтсаңыз, кайсылары, кимдер үчүн?
- «Окуу китеп», «окуу курал» деп жазылган, чыгарылган кыргызчы(орусча) программалар, китептер бир топ.
- Ошолордун баары жогорку деңгээлдеби?
- Кеп ушунда: деңгээли ар кандай.
- Эң мыкты, баардык талаптарга ылйык болуу үчүн эмне деген аныктооч негиздер керек?
- Биринчи талап, «Манас» эпопеянын үлгүлүү-классикалык түрлөрүнүн (вариантарынын) негизинде жазылган, мамлекеттин атынан окута турган программа, окуу китеп зарыл.
- Эмне үчүн «үлгүлүү-классикалык» дейсиз? «Манастын» түрлөрү коп го?
- Ооба, көп. Ошол түрлөрүнүн арасынан да гениалдуу деңгээлдегилери бар. Биз ошолорду биринчи орунга коюп жазышыбыз, окутушубуз, таркатышыбыз башкы шарт. Бурмаланып айтылган, жазылган китептерди пайдаланалбайбыз. «Манастын» айланасындагы өткөн кылымдын тэ-э 30-40-жылдардагы; анан 1952-жылы болгон; биздин күндөрдөгү идеологиялык күрөштөрдө сакталган улуу үлгүлөрүн көздүн карегиндей асыроо ыйык милдетибиз. «Вариант», «түзүлгөн» дегендерди, өзгөчө бурмаланган китептерди, бурмалаган топторду ажырата билүү зарыл.
- Экинчи талап?
- Экинчи, эпопеянын үлгүлүү-классикалык түрлөрүнүн (биринчи кезекте С.Орозбаков, С.Каралаев) негизинде эң бийик сапатта жазылган бирдиктүү (стандарттык) программа, окуу китеп зарыл.
- Ушундай окуу программа, окуу китеп барбы?
- Бар. Биздин институт Окуу, илим министрлигинен атайын кайтарылгыс каражат (грант) утуп алып, өткөн жылы бирдиктүү (стандарттык) окуу программа, окуу китеп, хрестоматия жаздык, бүттүк.
- Жазгандар ким?
- Манастаануу билими, илими боюнча эң мыкты адистер: Р.Кыдырбаева –филология илимдеринин доктору, профессор, ИА мүчө - корреспонденти; А.Акматалиев – академик; С.Байгазиев – филология илимдеринин доктору, профессор; Ж.Орозобекова - филология илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу; Г.Мурзахмедова - филология илимдеринин доктору, доцент; мен, Т.Тургуналиев – философия илимдеринин кандидаты, доцент; Т.Мүлкүбатов – филолог, жазуучу; Баяс Турал – тарыхчы, жазуучу; - ушул топ даярдады. Программаны басып чыгардык. Тиги окуу китепти, хрестоматияны чыгаруунун каржы айласын издеп атабыз.
- Ушулар баардык мектептерге, ЖОЖдорго жарайбы?
- Булар, негизинен, жогорку окуу жайлар үчүн. Албетте, бирдиктүү болгон соң, мектеп, атайын орто окуу жайлардын мугалимдери, аспиранттар да пайдаланса болот. Ал эми мындан ары ЖОЖдордогу адистиктердин багыттарына, мектеп класстарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша атайын программалар, окуу китептер даярдаланышы зарыл.
- Жыл сайын «Манас» майрамын өткөрүүнү сунуш кылыпсыңар?
- Ооба. Бул бешинчи сунуш. Быйылдан баштап ар бир жылы жетинин айынын (ноябрь) биринчи он күнүндө Кыргызстандын ар бир айыл-кыштагынан, аймагынан, ар бир шаарынан баштап баш борборго дейре «Манас» майрам-салтанатын өткөрүү да эпопеяны эл арасында кеңири жайылтуу максатына чоң салым кошот.
- Эмне үчүн бир күн эмес, он күн?
- Бир күндө баардык жерде өткөрүү мүмкүн эмес: бул катардагы майрам эмес, «Манаста» даңазаланган улуттук оюндардын баарын өткөрүү, олимпиадалардын баарын баалоо, жыйынтык чыгаруу ушунча мөөнөттө гана мүмкүн.
- Илим боюнча да оюңар бар экен?
- Ооба, алтынчы сунушубуз манастаануу илимин өстүрүү, сапаттуу жаңы тепкичке чыгарууга арналган.
- Бул максатта эмне кылуу керек?
- Ушул убакка чейинки манастаануу илиминин абалы жөнүндө айтсам, бул тарапта чоң жетишкендиктер бар. Манастаануу илимине негиз салган изилдөөчүлөр, атактуу илимпоздор арбын. Чалакайымдары да жок эмес. Туура жолдон тайгандарды, далилдүү тыянак чыгаралбай, ишендиралбаган божомолдорду айтып, жазып кеткендерди, жүргөндөрдү баса айтып кетүү абзел.
- «Манастаануу илимин сапатттуу жаңы тепкичке чыгаруу» дегендин сөз төркүнү эмнеде?
- Илимпоздордун жаңы муунун тарбиялоо дегенде.
- Буга кандай шарттар зарыл?
- Манастаануу илимин Жогорку аттестациялык комиссия илимдердин катарына киргизип, бул илим боюнча илимий иштерди жактоо үчүн адегенде кандидаттык, анан доктордук кеңештерди түзүүгө уруксат берүү керек. Өлкө боюнча бул илимдин нугунда ар бир жылы он чакты аспиранттарды кабыл алуу зарыл.
- Мындай илимпоздордун жаңы муунун даярдоо үчүн жетекчи окумуштуулар барбы?
- Бар, шүгүр. Баса айта турган нерсе, манастаануу илимине философтор, филологдор, фольклористер, тарыхчылар ж.б. илимдердин өкүлдөрү өз салымын кошуу талап кылынат.
- Долбооруңар абдан чоң, өтө маанилүү экен. Каражат жагы кандай болот?
- Үч булактан: мамлекеттик казынадан; элдин өз ыктыяры менен кошкон салымынан («бул долбоорго жүз миңдеген каражат кошом» деген пулдуу мекенчилдердин убадасын угуп жүрөм); кайтарылгыс каражат (грант), инвесторлор, буюруса, болот деген үмүтүм бар.
- Бул долбоордун курулушун ким башкарат?
- Эки тепкичтүү башкаруучулук. Бири - башкаруучулук кеңеш; экинчиси – аткаруучу топ (дирекция). Менин оюм, колу таза, камчы салдырбай жан дили менен иштей тургандар, дасыккан ишбилгилер башкарса, курса дейм.
- Курулуш качан башталат?
- Жогорку Кеңеш, Өкмөт биротоло чечкенде.
- Долбоордун жалпы баасы чоң го?
- Албетте, чоң долбоор чоң каражатты талап кылат. Жалпы чыгымдын көлөмүн айтуу азыр кыйын. Жумушчу долбооруу биротоло бекитилгенден соң белгилүү болот.
- Болжол менен айтсаңыз?
- Болжол менен, бери дегенде 50-60 млн.доллар.
- Биринчи кезекте кайсы имарат курулуу керек дейсиз?
- Албетте, «Манас» музейи, академиянын имараты.
- Топчуке, кылымдык долбоорду сунуш кылыпсыңар. Ылайым ишке ашсын.
- Баарыбыздын тилегибиз ушул. Ыракмат.

Долбоордун демилгечиси Топчубек Тургуналиев менен маектешкен – Бабырбек Жээнбеков. («Алиби»)