Изилдоочулор

ВАЛИХАНОВ Чокон Чынгызович (толук ысмы — Мухаммед — Ханафия, 1835, Куш-Мурун чеби, азыркы Кустанай шаарына жакын Аман-Карагай аймагы — 1865, Алтын-Эмел айылы) — казактын туңгуч илимпозу, демократ-агартуучусу, этнографы жана фольклорчусу, тарыхчы. Аблай кандын чөбөрөсү. Атасы Чынгыз 1834-ж. ошол Аман-Карагай округуна ага султан болуп шайланган. Ал илимди, адабият менен искусствону баалаган маданияттуу жана Г. Н. Потанин, Н. Ф. Костылецкий, П. П. Семёнов-Тянь-Шанский, Н. М. Ядринцев сыяктуу орус окумуштуулары менен тааныш адам болгон. 1847-ж. В. Омбудагы Сибирь кадеттик корпусуна окууга өтөт. 1853-ж. аны аяктап, Батыш Сибирь генерал — губернаторунун адьютанты болуп дайындалат. 1854— 57-ж. жети-суулук казактар жана тянь-шандык кыргыздар Россияга каратылгандан кийин Жети-Суу менен Ысык-Көлгө, кийинчерээк Кулжага бир нече жолу жөнөтүлгөн аскердик илимий экспедицияга катышкан. В-дун экспедицияга катышуудагы негизги тапшырмасы коңшу элдер менен соода байланышын түзүү болгонуна карабастан, ал казак менен кыргыздардын, 0рто Азия менен Казакстанда жашаган башка элдердин материалдык жана рухий маданиятын үйрөнүүгө киришет. Анын «Чоң кыргыз-кайсак ордосунун уламыштары менен легендалары», «Кыргыз санжырасы», «XVIII кылымдын баатырлары жөнүндөгү уламыштар» деген белгилүү эмгектери, «Ысык-Көл күндөлүгү», «Кулжа күндөлүгү» аттуу жол очерктери — Жети-Суу менен Ысык-Көлгө келген саякаттарынын натыйжасы. 1858—59-ж. В. Кокон көпөсү катары Кашкарга соода кербени менен ийгиликтүү саякат жасаган. 1860-ж. Петербургда бир жылча жашап калат. Ушул мезгилде ал Азиялык департамент менен Орус географиясы коомунда эмгектенет. П. П. Семёнов-Тянь-Шанскийдин жетекчилиги астында казак, кыргыздардын турмушу жөнүндөгү этнографиялык материалдын үстүндө иштейт да, ошол эле учурда Орто Азиянын картасын түзүүгө киришет. 1861-ж. оорусуна байланыштуу В. Петербургдан айлына кетет. Казак окумуштуусу манастаануу илиминин жана кыргыз фольклористикасынын башатында турган десек да болот. Ысык-Көлгө келген учурунда ал бугу уруусунан чыккан манасчыдан "«Манастын» «Көкөтөй хандын өлүмү жана анын ашы» деген бөлүмүн жазып алат. Бул үзүндү кыргыз элинин турмушун жана салтын деталдаштырып сүрөттөгөн окуялуу эпизоддордон экендиги жалпыга белгилүү. Анда ат чабыш, балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атуу сыяктуу элдин салттык оюндары баяндалат. Окумуштуу «кыргыз сагасынын байыркылыгын» көрөгөчтүк менен тааный билип, байыркы кыргыздардын тарыхына тиешелүү тарыхый материалдардын негизги фактылары аркылуу эпоско кирген «кийинки кошумчалар менен көркөмдүктөр» жөнүндөгү түшүнүктөрүн бекемдеген. Байыркы кыргыздардын тарыхын орто кылым жана жаңы тарых менен салыштырып, Түштүк Сибирь байыркы көчмөндөрдүн туруктуу жайыты болгон деген талашсыз жыйынтыкка келет. «Менин оюмча, кандай гана болбосун — деп, белгилейт В. — азыркы кыргыздарды байыркы кыргыздардан таптакыр бөлүп салууга жетишерлик негиз жок, тескерисинче, жалгыз гана алардын аттарынын өзүнөн, алардын сөзсүз түрдө бири-бири менен байланышта экендиги көрүнүп турат. Бул жөнөкөй эле айтылган этимологиялык окшоштук же үндөштүк эмес» (Валиханов Ч. Ч., Собр. соч., в пяти томах, Алма-Ата, 1961, 360-б.). Кыргыз тилин жакшы билген жана түшүнгөн окумуштуу «бул тилде араб жана фарсы сөздөрүнүн дегеле жоктугун, болсо да өтө эле аз экендигин, ал эми моңгол менен байыркы түрк сөздөрүнүн көп экендигин» — баса белгилейт. Мындай фактылардын бардыгы кыргыз тилинин, «Манас» эпосунун сөздүк тутумунда байыркы түрк тилинин көптөгөн элементтери сакталгандыгын билдирет. Элдик оозеки чыгармалардын уйкаштыгына кайрылып В. «кыргыз акындарынын араб поэзиясындагыдай так эрежеге баш ийген ыр жок, бирок ошондой болсо да кыргыз ырлары өзүнө тиешелүү эрежелер менен рифмаларга ээ», — деп белгилейт. Муну менен окумуштуу түрк уйкашынын байыркылыгы жөнүндөгү ойду бекемдейт да, оозеки поэзиянын бай ыр түзүлүшүнүн материалы кыргыз ыр маданиятынын бир бөлүгү, ритм жана уйкаштык ар дайым көчмөн элдин канында жашап келген деген ойду айтат. Ал оозеки поэзияны «тубаса көркөм чыгарма» деп эсептеп, «ыр түзүүнүн татаалдыгын», андагы салыштыруунун молдугун белгилейт. Манастаануу илиминде манасчылар жөнүндөгү алгачкы пикирди да В. айткан. Ал манасчылардын укмуштай эске тутуу жөндөмдүүлүктөрүнө, алардын элдин басып өткөн тарыхый жана рухий турмушун толук чагылдырган, азыр бизге айрым бир белгилүү тарыхый маалыматтарды толуктоого жана аларды тактоого мүмкүнчүлүк берген өз доорунун керемет чыгармасын эл эсинде түбөлүк сактап келгендиктерине чоң маани берген. Мунун өзү «Манас» эпосун биздин күнгө чейин сактап жеткирүүдө чоң роль ойногон, байыркы оозеки айтуучулук салтты В. жогору баалаган деп айтууга мүмкүнчүлүк берет. Ал «Манас» эпосунун айрым бир эпикалык мотивдерине талдоо берүү менен ага гректердин эпикалык салттарынан окшоштук табат. Грек эпосундагы Полифемди кыргыз жомокторундагы жалгыз көздүү дөө менен бирдей карайт. Эпоско карата болгон мындай мамиленин өзү фольклористикадагы орток сюжеттерди салыштырып издөөгө жол ачып берди. В. оозеки поэтикалык чыгармаларды изилдөөдөгү өз ара байланыш жана өз ара таасир тийгизүү проблемасынын алгачкы баскычында турган. Ошентип, оозеки чыгармаларды талдоодо козгогон проблемаларын жөн гана санап чыкканыбызда да В-ду терең изилдөөчү катары баалоого толук негиз бар.
Р. Кыдырбаева
ЖИРМУНСКИЙ Виктор Максимович (1891, Санкт-Петербург —1971, Ленинград) — советтик филолог. СССР Илимдер акдемиясынын корреспондент мүчөсү (1939), академиги (1966). Петербург университетин бүтүргөн (1912). Саратов университетинин (1917), Ленинград университетинин (1956), Москва университетинин профессору. Ж.— герман тилдерин изилдөө боюнча СССРдеги эң ири окумуштуулардын бири. Орус жана Батыш Европа адабиятынын теориясы, тарыхы боюнча көп эмгектерди жараткан. Ж-дин түрк элдеринин фольклору боюнча жазган эмгектери да арбын. Ал 1941-ж. Ленинград немец фашисттердин курчоосунда калганда Ташкенге эвакуацияланган. Бул жерде 1944-жылдын октябрь айына чейин калып, Орто Азия мамлекеттик университетинин профессору, Өзбек ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун фольклор бөлүмүнүн башчысы, Тарых-филология илим изилдөө интунун директору болуп иштеген. Ошол кезде түрк элдеринин эпостору менен кеңири таанышып, омоктуу изилдөөлөрдү жараткан. Ж-дин изилдөөлөрүндө кыргыз эпостору, айрыкча «Манас» кеңири чагылдырылат. «Узбекский народный героический эпос» (1947, X. Т. Зарифов менен бирге), «Сказание об Алпамыше и богатырская сказка» (1960) деген эмгектеринде «Манас» эпосунун мотив, сюжет, образ жана башкалары салыштырма материал катары тартылган. Ж-дин «Введение в изучение эпоса "Манас"» (1948) аттуу китеби «Манасты» көркөм мурас катары изилдөөнүн, манасчылардын айтуучулук өнөрүнө баа берүүнүн, образдар системасын, сюжеттерди, эпостун жаралуу тарыхын жана анда тарыхтын чагылдырылышын иликтөөнүн негизги багыттарын аныктады. Ж-дин бул китебиндеги илимий тыянактар азыр да өз күчүн жогото элек (к. «Введение в изучение эпоса "Манас"». Ж. Берлиндеги Герман Илимдер акдемиясынын (1956), Британ Илимдер акдемиясынын (1962), Дания Илимдер акдемиясынын (1967), Бавария Илимдер акдемиясынын (1970) корреспондент мүчөсү болгон. Ленин ордени, башка эки орден менен сыйланган.
С. Кайыпов
АУЭЗОВ Мухтар Оморханович (1897, Абай району —1961, Москва, сөөгү Алматыга коюлган) — казак совет жазуучусу, көрүнүктүү илимпоз, коомдук ишмер. Казак ССР Илимдер акдемиясынын академиги (1946), Казакстандын илимине эмгек сиңирген ишмер (1957), Лениндик (1959), СССР мамлекеттик (1949) сыйлыктарынын лауреаты. Семей шаардык орус окуу жайын (училище) жана мугалимдер семинариясын (1919) бүтүргөн. 1928-ж. Ленинград университетин, андан соң Ташкендеги Орто Азия мамл. университетинин чыгыш факультетинде аспирантураны аяктаган. А-дун чыгармачылык жолу 1917-ж. «Эңлик-Кебек» деген пьесадан башталган.
Өткөн доордогу феодалдык-уруучулук түзүлүштүн зыяндуу каада-салттарын, 1916жылдагы улуттук-боштондук козголоңду, жаңы турмушту, колхоз курулушун, Улуу Ата Мекендик согуштагы каармандыктарды камтыган көптөгөн аңгеме, повесть, драма, романдары калкка кеңири белгилүү. А-дун талантынын гүлдөгөн мезгили «Абай жолу» роман-эпопеясын жараткан жылдарга туш келет. Романдын 1 — 2-китеби (1942—47) СССР мамлекеттик сыйлыгына (1949), 3—4-китептери Лениндик сыйлыкка (1959) арзыган. А. атактуу жазуучу, ишмер гана эмес, көрүнүктүү окумуштуу катары да кеңири таанылган. Анын калеминен казак жана СССР элдеринин адабияттарынын тарыхы менен теориясына арналган ондогон салмактуу эмгектер жаралган. Ал казак адабият илиминдеги абай таануунун негиз салуучусу, казак фольклору менен адабиятынын көптөгөн маселелерин кылдат изилдеген илимпоз болгон. А. кыргыз адабиятынын досу, кеңешчиси жана мыкты изилдөөчүсү катары да жакшы белгилүү. Ал 20-жылдардан тартып эле Кыргызстанда көп болуп, кыргыз фольклору жана адабияты менен жакындан таанышып, Т. Сыдыкбеков, К. Баялинов, Т. Үмөталиев жана башкалар менен карым-катнашта болуп, алардын чыгармаларына өзүнүн баалуу пикирлерин, кеп-кеңештерин айткан. Ч. Айтматовдун зор талантын А. алгачкылардан болуп көрө билип, ак батасын берген. А. кыргыз фольклорун, айрыкча, «Манас» эпосун изилдөөгө чоң салым кошкон. Анын бул жанрдагы көп жылдык изденүүлөрү ««Манас» — кыргыздын баатырдык эпосу» аттуу фундаменталдуу эмгегинде терең чагылдырылган. Эмгекте эпостун айтуучулары, түрдүү варианттары, мазмун менен форманын негизги өзгөчөлүктөрү, башкы темалары менен сюжеттери, жаралыш доору, каармандардын образдары, көркөм сөз каражаттары, чыгыш элдеринин эпикалык мурастары менен байланыштары сыяктуу өтө орчундуу маселелер каралган. А-дун «Манас» эпосуна карата мамилеси 1952-ж. өткөрүлгөн Бүткүл союздук илимий конференцияда бөтөнчө ачык көрүнгөн. Анда А. кыргыздын улуу мурасына вульгардык социологиянын көз карашынан мамиле жасаган изилдөөчүлөргө чечкиндүү каршы чыгып, «Манастын» элдик эпос экенин далилдеген. А. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. А. Эркебаев

РАХМАТУЛЛИН Калим Ахмедович (1903, Токмок —1946, Фрунзе) — кыргыз совет адабиятчысы, коомдук ишмер.
САКУнун экономика факультетин бүткөн (1931). 1925—27-ж. ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунда, 1931—35-ж. «Кызыл Кыргызстан» газетасында, 1935-жылдан Кыргызстан мамлекеттик басмасында, Кыргыз педагогика институтунда иштеген.
Адабий чыгармачылыгын сынчы катары 1927-ж. баштаган. Ал «Манас» эпосу, манасчылар, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармачылык жолу жөнүндө макалалар жана публицистикалык эмгектер жазган. «Улуу патриот — укмуштуу Манас» (1943) китебинин, «Манас менен Алмамбет» баатырдык драмасынын (Т. Сыдыкбеков менен бирге жазган) автору. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
РАДЛОВ Василий Васильевич (Фридрих Вильгельм; 1837, Берлин —1918, Петроград) — орустун Чыгышты изилдөөчү илимпозу, илим дүйнөсүнө кеңири таанымал түрколог, этнограф, археолог. Улуту немис. Берлин университетин бүтүргөн (1858). 1884-жылдан Петербург Илимдер академиясынын академиги. Алтайда, Сибирде, Орто Азияда бир нече жолу экспедицияда болуп, түрк элдеринин тили, оозеки чыгармачылыгы, этнографиясы боюнча материал жыйнаган. Анын 1862-ж. Текесте, 1869-ж. Ысык-Көлдүн батыш тараптарында жана Чүй өрөөнүндө жашаган кыргыз урууларынын арасынан жазып алган фольклордук материалдары «Түндүк түрк урууларынын элдик адабияттарынын үлгүлөрү» аттуу он томдон турган эмгегинин 5-томунда транскрипцияланган орус алфавитинин жардамы менен кыргыз тилинде Санкт-Петербургда 1885-ж. басылып чыккан. Бул томдун котормосу немис тилинде 1885-ж. Лейпцигде жарык көргөн. Р. жазып алып жарыялаган материалдардын негизин жана көбүн «Манас» эпосу түзөт. Анда эпостун үч бөлүмү — «Манас», «Семетей», «Сейтек» камтылган, ар бир бөлүмдүн негизги окуялары бүгүнкү күндө белгилүү болгон нукка жакын үлгүдө берилген. Китептин кириш сөзүндө кыргыз эпосу, анын өзгөчөлүктөрү, айтуучулардын чыгармачылыгы жана башкалар жөнүндө окумуштуунун илимий байкоолору, ой-пикирлери баяндалган. Р. эң алгач кыргыздардын улуу мурасы «Манас» эпосунун салттык негизги окуяларын ирети менен баштан аяк толук жазып алган, аны кыргыз тилинде китеп түрүндө жарыкка чыгарган, эпостун тексттерин башка элдин тилине которуп жарыялаган жана бул чыгарманы сактап жана өнүктүрүп келген айтуучулардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири пландагы илимий пикирлерди айткан. Учурунда кыргыз элинин маданиятына, көркөм өнөрүнө жогору баа берген. Орхон-Эне-Сай жазууларын биринчилерден болуп окуган жана бул жазуулар кыргыздарга таандык болуш керек деген жоромолду айткан. «Манастын» тилинин тактыгын, ыр саптарынын көркөмдүгүн, таасирдүүлүгүн, кыргыздардын көркөм сөз — ыр жаратууга жөндөмдүүлүгүн жогору баалаган. Ал кыргыздардан чогулткан материалдары жалаң эпикалык ырлардан турганын белгилеп, алардын мазмуну жана көркөмдүк касиети аны немис тилине ыр түрүндө которууга түрткү болгонун жана ошол себептен 1876-ж. эле даяр болгон материалдар кечигип жарык көргөнүн эскерет. Өзү кыргыз жергесине келген учурду кыргыздардын көркөм сөз өнөрүнүн «чыныгы эпикалык шарты» катары баалаган. Окумуштуу мындай учур Троян согушу жөнүндөгү байыркы гректердин эпикалык ырлары али кагаз бетине түшүрүлбөй, эл арасында оозеки айтылып жүргөн шартка окшош экендигин, нукура таза абалында илимге дээрлик белгисиз, изилдөө жүргүзүлбөгөн ошол өзгөчө учурдун маанисине кенен токтолуп аны мүнөздөөгө аракеттенген. Мындай өзгөчө абалдын себептерин элдин көркөм сөзгө терең маани берип, ырды искусствонун эң жогорку чеги катары эсептөө жана тарыхый шарттын өзгөчөлүгүнө (көркөм турмушта жашоо, сырттан келген баскынчыларга каршы көз каранды болбостук үчүн дайыма күрөшүүгө жана ушул күрөш аркылуу элдин биримдигин сактоого умтулуу) ылайык баатырдык салтты баалоо, аны акыркы учурларга чейин сактап келүү, элдик биримдүүлүктүн өсүшү сыяктуу белгилерден көргөн. Түрдүү мүнөздөгү поэтикалык көркөм өзгөчөлүктөрүнө карабастан грек эпосу сыяктуу эле кыргыз эпостору да эл турмушун, жашоо шартын болгондой чагылдырарын жана баатырдык салттык көрүнүштөрүн көркөм бейнесинде камтый алгандыгы боюнча гректердин Ахиллеси менен кыргыздардын Манасынын жакындыгын чыгарманын мазмунунда жек көрүү менен сүйүү, кубаныч менен кайгы, өчөштүк менен достук сыяктуу түшүнүктөр орчундуу мааниге ээ экендигин белгилөө аркылуу изилдөөчү эки элдик көркөм өнөрдүн бирдей деңгээл шартында жашоосу жөнүндөгү оюн жыйынтыктаган. Окумуштуунун пикири боюнча «Манас» — реалдуулукка негизделген чыгарма. Анткени, «кыргыз өз ырларында кандайдыр укмуштуу жана коркунучтуу, жөө жомоктук дүйнөнү баалабайт, тескерисинче, ал өзүнүн турмушун, өзүнүн сезимдерин жана умтулууларын, коомдун ар бир жеке мүчөсүнүн өзүндө жашаган идеалдарын даңазалап ырдайт» (Образцы..., «Түндүк түрк урууларынын элдик адабияттарынын үлгүлөрүнүн» 5-томунун баш сөзүндө «Манас» айтуучуларды «ырчы» (певец) деп атаган жана бул өнөр ээлеринин чыгармачылык өзгөчөлүгү жөнүндөгү ойлорунда манасчыларды эле эмес деги эле ыр түрүндөгү чыгарма жараткан адамдарды жалпы мүнөздөөчү белгилер да бардыгына карабастан, эпостун жаралышына, сакталышына байланыштуу маселелер жөнүндө кыраакы байкоолору, бүгүн да өз маанисин жоготпогон баалуу корутундулары бар. Мисалы, окумуштуунун эпикалык ырлардын ырчысы өз репертуарында даяр ыр саптарын пайдаланарын айтып, андай даяр саптар каармандардын туулушу, өсүшү, курал-жарагын сүрөттөө, кармашка даярдык, беттешүүнүн берилиши, каармандардын кармашуу алдындагы сөздөрү, кейипкерлерди, алардын минген аттарын сыпаттоо, белгилүү баатырларга мүнөздүү сапаттарды, колуктунун сулуулугун көрсөтүү, үй-жай, боз үй көрүнүштөрүн сүрөттөө, той, баатырдын өлүмү, өлгөнгө арналган кошоктор, жаратылыш көрүнүштөрүн, таңдын атышын, күндүн батышын сүрөттөө өңдүү үзүндүлөрдө болорун айткан. Көптөгөн манасчылардын варианттарын салыштыруунун натыйжасында Р-дун бул пикири толук далилденип, жалпы кабыл алынган теориялык жобого айланды. Изилдөөчүнүн көрүнүштөрдүн даяр бөлүкчөлөрүнүн саны жана аларды бириктире алуунун чеберчилиги ырчынын деңгээлинин чен өлчөмү катары кызмат аткарат» («Образцы...», 16-б.) — деген корутунду ою да бүгүн талаш туудурбас чындык болуп калды.
Р. ырчы менен аны угуп жаткан аудиториянын бири-бирине таасири, ырчынын өз репертуарын угуучулардын каалоосуна, кимдигине карата атайын ылайыктай тургандыгы жөнүндөгү ойлорун өзү күбө болгон фактыга таянып, «Манастын» мисалы менен көрсөткөн. Анткени, бул ой эпостун ар бир тарыхый шартка ылайыкташуу, жаңылануу касиетин белгилөөдөгү орчундуу таяныч катары милдет аткара алат. «Эпос элдин бардык турмушунун жана бардык умтулууларынын көркөм чагылышы. («Образцы...», 12-б.), — деген аныктамасын Р. жалпы мааниде бардык эле эпосторго тиешелүү ой катары айтса да, контексттик маңызы боюнча «Манаска» тике байланышкан жобо катары кабыл алынат.
Р-дун эмгектеринин ичинен окумуштуу өткөн кылымдын экинчи жарымында жазып алган жана оригиналдын өз нускасында илимий принциптерге ылайык жарыкка чыгарган «Манас» эпосунун негизги үч бөлүмүнүн эпостогу кеңири белгилүү салттык туруктуу окуялары дээрлик бүт камтылып, системалуу түрдө ырааты менен берилген тексттер баа жеткис мааниге ээ. Анткени, кыргыз эпосун изилдеп үйрөнүүдө, баа берүүдө, ага таандык өзгөчө белгилерди тактоодо көптөгөн ири илимий проблемалар ушу тексттер, анын мазмуну жана чыгарманын формалык белгилери менен тыгыз байланышта чечилет. Бул алгачкы тексттер болбогондо манас-таануу илиминин көптөгөн чоң-чоң маселелери бүгүн жоопсуз калмак же аларды так чечүү, коюлган суроолорго ишенимдүү фактылар менен бышыкталган так жооп алуу алда канча татаал болмок. Алсак, кыргыз эпосунун башкы темасын, негизги идеясын, окуяларынын өнүгүш жолун, чыгарманын түрдүү варианттарынын бирдигин айкындап турган уюткуну белгилөөдөгү орчундуу таяныч жомоктун мурдатан муундан-муунга өтүп келе жаткан салттык туруктуу окуялары болуп саналат. Бүгүн колдо болгон кеңири мүнөздөгү көптөгөн варианттарда камтылган маалыматтардын ичинен кайсыл окуялар, көркөм каражаттар менен ыктар, элестүү ыр саптары менен ыр түрмөктөр, үзүндүлөр эпосто мурдатан келе жаткан салттык туруктуу белгилерге жатарын айкындоодо изилдөөчүлөр үчүн эң негизги жана талаш туудурбай турган негиздүү фактылар ошол тексттерден табылат. Мындан башка да кыргыздардын улуу эстелигинин турпаты, маңызы мындан жүз жыл ашуун мурда кандай үлгүдө, мазмунда болгондугун билүүнүн өзү да — илимде зор кызыкчылык туудуруучу маселелердин бири. Р. илим дүйнөсүнө аты кеңири белгилүү болгон көрүнүктүү окумуштуу, түрк элдерди таануу илиминин улуу өкүлү катары бааланат. Буга белгилүү орус окумуштуусу, академик С. Ф. Ольденбургдун «Адамдар өтөт, бирок алардын жараткандары калат, ал эми өзүнүн узак өмүрүндө В. В Радлов иштегендер ушунча көп жана маанилүү, ошон үчүн анын аты — эстелиги шексиз ыйык сакталат» — деген баасы да күбө.
Р-дун «Манас» эпосуна берген баасы, чыгарманын мазмуну, көркөмдүк касиеттери, жомокту айтуучулардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү байкоолору, жоромолдору, илимий корутундулары маанисинин тереңдиги, тактыгы менен айырмаланып, бүгүн да өз күчүн жоготпойт.
С. Мусаев
КЫДЫРБАЕВА
Раиса Заитовна (1930, Фрунзе) — «Манас» изилдөөчү, филология илиминин доктору (1984), Кыргыз Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү (1989). 1952-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (орусча бөлүмүн) бүтүргөн. К. 1956-ж. А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасын бүтүрүү менен «А. Осмоновдун лирикасы» аттуу темада кандидаттык диссертациясын коргогон. 1956—60-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын ТАИде кенже илимий кызматкер, 1960—86-ж. улук илимий кызматкер болуп иштеген.
К. 1986-жылдан «Манас» бөлүмүндө (мурда сектор) башкы илимий кызматкер. 1981-ж. Түркияда өткөн Түрк элдеринин 2-бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышып, «Манас» боюнча доклад жасаган. Республикалык, жалпы союздук мезгилдүү басма сөз беттеринде кыргыз жана орус тилдеринде фольклор изилдөө, адабият таануу маселелери боюнча 100гө жакын макалалары жарыяланган, алардан башка 19 изилдөө иштери (анын ичинде 9 монография) бар. К. жалпы республикада, андан тышкаркы жерлерде таанымал фольклор изилдөөчү, адабият таануучу катарында кеңири белгилүү. «Манас» жана башкалар кенже эпостордун ар түрдүү проблема, маселелерин талдаган, жалпылаган «Саринжи-Бөкөй» эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү», ««Жаңыл Мырза» эпосунун поэтикалык традициялары», ««Манас» эпосундагы традициялык жана индивидуалдык маселелерине карата», «Манасчынын айтуучулук чеберчилиги», ««Манас» эпосунун генезиси», ««Манас» эпосунун варианттары» деген жана башкалар монография, изилдөөлөрдүн автору.
Ж. Төлөев
АБДЫЛДАЕВ
Эсеналы (1932, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы) — «Манас» изилдөөчү, жыйноочу жана түзүүчү. Филология илимдеринин кандидаты (1967). Пржевальск мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1951). 1951—55-ж. Ысык-Көл районунундагы мектептерде физика-математика мугалими болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтундагы «Манас» секторунда кенже жана улук илимий кызматкер, азыр жетектөөчү илимий кызматкер. ««Манас» эпосунун эволюциялык өнүгүшү жөнүндө» деген темада кандидаттык диссертация (1967) коргогон. «Манас» эпосун үйрөнүү, таануу, изилдөө боюнча ««Манас» эпосунун алтайлыктардын
баатырдык поэмалары менен болгон эпикалык катышы» (1966), ««Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары» (1981), «Кыргыз фольклорунун тарыхынан» (1983), ««Манас» эпосунун историзм» (1987), ««Манас» эпосунун эпикалык формулалары» (1991) аттуу монографиялык эмгектери бар. Мындан башка да «Манас» эпосу жана кыргыз фольклористикасы боюнча бир кыйла илимий жана илимий-популярдуу макалаларды жазган. А. манасчы Мамбет Чокмор уулунан 100 басма табак көлөмүндөгү «Манас» бөлүмүн жыйноо жана жазып алууга активдүү катышкан. Москвадан орус тилинде жарык көрүүчү төрт томдуктун төртүнчү томунун (30 басма табак) «Чоң чабуул» эпизодун түзгөн. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Семетей» бөлүмүн басмага даярдоого катышкан (1989). Ошондой эле Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» эпосунун 4-китебинин «Чоң казат» эпизодун даярдаган (1982).
Ж. Төлөев

САРЫПБЕКОВ
Райкул (1941, Кочкор району, Чоң-Алыш айылы) — «Манас» изилдөөчү, жыйноочу, түзүүчү. 1964-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери. Ал «Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү» (1977), «Манас эпосунун баатырдык мотивдеринин эволюциясы» (1988), монографиялардын, «Манас» эпосунун ар түрдүү проблемаларына арналган отуздай макаланын автору. «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери» (Фр., 1988) деген коллективдүү эмгекте манасчылар Тыныбек Жапый уулу, Саякбай Карала уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Багыш Сазан уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу, Дуңкана Кочуке уулунун чыгармачылык портреттерин жазган. Мамбет, Дуңкана, Сейдана жана башкалар манасчылардын өз оозунан «Манас» эпосунан эпизоддорду жазып алган. Сагымбай Орозбаковдун варианты жана Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манас» үчилтигинин жергиликтүү жана борбордук басмалардан жарыкка чыккан басылыштарын түзүүгө катышкан, алардын айрымдарына баш сөз жазган. Кыргыз совет адабиятын изилдөөгө арналган 70тен ашык макалалардын жана «Мезгил жаңырыгы» китебинин автору.
С. Карагулов
МУСАЕВ
Самар (1927, Ат-Башы району, азыркы Пограничник к-зунун аймагы) — «Манас» изилдөөчү, адабиятчы. 1949-ж. Фрунзедеги педагогикалык институттун кыргыз тили жана адабияты факультетин бүткөн. 1949-жылдан ушул ин-тта окутуучу болуп иштеген. 1950-ж. эң алгач уюшулган кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы болгон. 1965—88-ж.. Кыргыз Илимдер академиясынын ТАИдеги «Манас» секторунун башчысы болуп эмгектенген. 1988-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер. М. «Каныкейдин образы» (Манастын элдүүлүк проблемасына карата) деген темада диссертация (1962) коргогон. Бул эмгекте Каныкейдин образынын негизинде «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасын ачкан. Ошондой эле эпостун жаралуу доору, эпос чагылдырган доор, тарыхый шарт жөнүндөгү маселелер козголгон. М. көптөгөн окумуштуулардын эпоско арналган илимий макалаларынын кол жазмаларын чогултуп, иретке келтирип, «Манас» героический эпос киргизского народа» (Фр., 1968) деген китепти орус тилинде басмага даярдаган, анын түзүүчүсү жана редактору болгон. Редактордон деген кириш сөздө китепке кирген ар бир эмгекке мүнөздөмөдө берген «Фольклор, Издание эпоса» (М., 1977) деген жыйнакка кирген «Проблемы научной публикации текстов «Манаса» деген көлөмдүү илимий макаласы «Манас» эпосунун тексттерин басмага даярдап чыгаруу маселелерине арналган. «Манас» эпосуна жалпы мүнөздөмө берген «Эпос Манас» (Фр., 1979) деген монографиясы орус тилинде жарык көргөн. Ушул эле эмгек 1984-ж., 1985-ж. орус, немец, англис тилдеринде бир китеп болуп жарык көргөн (Фр., 1984, 1985). «Манас» эпосунун биринчи бөлүмүнүн кара сөз түрүндөгү баяндамасын жазып жарыкка чыгарган (Фр., 1986). Китеп Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун айтуусунун негизинде жазылган. М. 1968-ж. Саякбайдан «Манас», «Семетей» эпосторун магнитофонго көчүрүп алууга катышкан.
А. Абилов