Саякбай Каралаевдин “Манас” эпосунун биринчи бөлүгүнүн академиялык басылмасы толук жарык көрдү

Автору: sanjar 29-04-2015, 20:28 кундон баштап, коргондордун саны: 41

0 Бишкек, 27-март /Кабар/. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы эпостун үчилтигинин басылышы 1992-жылы Адабият жана көркөм өнөр таануу институтунда башталып, кийин Манас таануу жана көркөм маданияттын Улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда уланып, даярдалып бүткөн эле. Бирок, каражат тартыштыгынан улам акыркы 4-тому жаңыдан эле “Турар” басмасынан 1000 нуска менен жарык көрдү. Китепти басмага даярдагандар Айнек Жайнакова жана Райкул Сапарбеков, башкы редактору Абдылдажан Акматалиев.
““Манас” эпосуна байланыштуу Улуттук Программаны ишке ашыруу үчүн Өкмөт тарабынан өткөн жылы миллион сом бөлүнүп берилген эле. Алдыда С.Каралаевдин вариантындагы “Семетей” жана “Сейтек” бөлүмдөрүн да басмадан чыгаруу керек. Бирок, азырынча эпостун бул бөлүмдөрүнө каражат бөлүү чечиле элек”-дейт долбоордун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев.

болум: ---

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарий кошуу

Атыныз:*
E-Mail:
Комментарий:
Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Жылмаю Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор Туса | Жашырылган текст Цитата коюу Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера
Кодду жазыныз: *