Балыкчыдагы эстеликтердин сапаты сындалууда

Автору: sanjar 29-04-2015, 20:20 кундон баштап, коргондордун саны: 33

0 Балыкчыдагы эстеликтердин сапаты сындалуудаБалыкчы шаарында апрель баатырларына жана манасчы Саякбай Каралаевге коюлган эстеликтердин сапаты жергиликтүү элди канааттандырбай жатканын шаардык кеңештин төрага орун басары Марат Акатов “Азаттыкка” билдирди.

Акатовдун айтымында, шаардык мэрия апрель баатырларынын эстелигине 1 миллион, ал эми Саякбай Каралаевдин айкелине 3,5 миллион сом бөлгөн. Бирок жергиликтүү тургундар жалдаган көз карандысыз эксперттик комиссия эстеликтерге бул каражаттардын жарым-жартылайы гана пайдаланылган деген корутунду чыгарган. Анда эстеликтерге арзан кафель, металлдар колдонулганы айтылат.

Балыкчы шаарынын мэри Марат Турдубаев эстеликтерди куруу мурдагы жетекчилердин учурунда башталып, курулуш компанияларына тендер ошол учурда өткөрүлүп, тандалып алынганын билдирди. Шаардык кеңештин депутаттары бул иш боюнча прокуратурага арыз даярдап жатышат. (Asa)

болум: ---

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарий кошуу

Атыныз:*
E-Mail:
Комментарий:
Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Жылмаю Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор Туса | Жашырылган текст Цитата коюу Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера
Кодду жазыныз: *