0

Жазуучу, драматург, коомдук ишмер Казат Акматов Манас изилдөөчү, журналист Чолпон Субакожоеванын «Ачуу чындык акыйкат сөз» китебине калемдеши, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана «Манас» эпосу тууралуу кызыктуу маек куруп берген эле, ошол маекти окурман журтчулугуна тартылоону эп көрдүк.
- Казат агай, айтылуу «Манас» эпосуна Чыңгыз Айтматов кайрылган. Саякбай Каралаев жөнүндө керемет эскерүүлөрү, китептерде, кинодо калды. Өзү «Манас» эпосунан үзүндү айтканбы? Алп жазуучубуз айткандай «Манас» эпосу дүйнөгө мактанып көрсөтө турган биздин руханий паспортубуз экенин «Манас» эпосу өзү тастыктап атат. Айтсаңыз, досуңуздун «Манас» эпосуна мамилеси кандай эле?
— Чыкемдин «Манас» айтканын уккан эмесмин. Бирок чыгармаларында анча-мынча кайрылган. Мисалы, «Кайрылып куштар келгенче» деген романында баштаган. 1-2-бөлүмүнөн кийин токтоп калды. Таластагы «Манас тоосу» бар эмеспи, «Манас чоку» деп коюшат, Маймак айылынын бет маңдайында. Ошол тоонун түбүндөгү мектепке барган классташтары жөнүндө: Султанмурат, Мырзагүл, Анатай аттуу балдардын окуяларынан башталат. Манасты кара сөз менен жазам деп ойлоп жүрдү. А түгүл кайсы бир маегинде ошондой ниетим бар деп жарыя да кылып койгон жери бар. Ушул жерден, Чолпон сенин сурооңду терең ойлонушка туура келет. «Чыңгыз Айтматовдун Манас эпосуна жазуучулук жеке мамилеси кандай эле?» деп жатпайсыңбы. Жогоруда коомдук, жарандык мамилесин бир топ эле айттык. Бирок сүрөткерлик жеке мамилесин ушуга дейре бирибиз дагы, мейли жазуучу, мейли илимпоз, манастаануучу болобу, айтор эч бирибиз айтпай же болбосо айта албай келе жатабыз. Турмуш көрсөткөндөй, таланты ташкындап, күч-кайраты көкүрөгүн тээп турган кезде кыргыздын бир топ кыраандары Манасты башка жанрда кайрадан жаратып жиберсем деген жаштык дымак менен колунан келгенин жана келбегенин дагы жасашпадыбы. Аттарын айтып не, бирок улуу эпостон опера, драма, чала-була кинолента, ал түгүл маанисин ойкутуп-кайкытып ыр түрмөктөрүн дагы жазып жиберишти. Ошолордун баарысын окуп, көрүп, угуп отуруп аргасыздан «эпигонство» деген термин эске түшөт. «Эпигон» деген гректин «кийин туулган» деген түшүнүктү берген сөзү. Башкача айтканда мурун бир керемет менен жаралган чыгарманы карандай ээрчип, даамы-тузун кем кылып экинчи жолу жазуу деген маани. Өз кезинде Чыкем дагы, ушул азгырыкка туш келбей койбоптур. Маселен «Кайрылып куштар келгенче» повести. Мунусун ал киши 45 жаш курагында, анча деле жаш эмес кезинде баштап келип бүтпөй токтоп калган. Дал ошол эки главасын жазып келген кезде кайран Чыкем түшүнгөн экен деп ойлойм. Манаска алтындан чапан кийгизип, бриллиант кур курчасак дагы, Аккуладан алты эсе күлүк ат мингизип, ач албарсын алмаздан куйсаң дагы реалдуу Манас «чоң жинди» өзүнө окшобой калаарын баамдаган.
Көбү жалган, көбү чын
Көрүп турган киши жок.
Көпчүлүктүн көөнү үчүн,
Жармы жалган, жармы чын,
Жанында турган киши жок,
Жарандардын көөнү үчүн, — деп акыйкат сөздү ачык айтып жаралган теңдеши жок улуу эпоско башка кандай гана чыгарма болбосун эч убакта окшобой калаарын кыраан Чыкем түшүнгөн экен. Эгерде ошондо түшүнүп дароо өзү айткандай океанга уруп кете берсе аталган повестин же романдын аягына дейре көтөрүп бүтүрсө, атаганат зор жазуучубуз Манас тоосуна капилет урунуп канатын кайрып алат беле, ким билет?