Статьяларды сортто: Дата | популярности | посещаемости | комментарийлер менен | алфавит менен

«Манас борбор» түзүлөт

Автор: sanjar от 21-12-2014, 16:23, посмотрело: 159

0
«Манас борбор» түзүлөт


Кече 19-февралда Жогорку Кеңештин депутат К. Осмоналиев жетектеген комитетинин жыйынында Бишкек шаарында «Манас борборун» түзүү боюнча талкуу болуп өттү. Талкууга комитеттин мүчөлөрү, депутаттар жана борбордогу илимий-чыгармачыл уюмдардын өкүлдөрү жана басма сөз кызматкерлери катышты. Бул талкууга ушул жылдын январь айында маалымат каражаттарына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын баатырлары: С. Эралиев, С. Жусуев, Б. Жакиев, М. Мамытовдун, көрүнүктүү жазуучу жана окумуштуулардын кайрылуусу негиз болгон.
Талкуунун башталышында көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Манастаануу институтунун директору Т. Тургуналиев билдирүү жасады. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын борборунда «Манас борбору» түзүлүшүн улуттук жаңылануу жана мезгил өзү талап кылып калганын баса белгилеп, ал борбордун келечек курулушунун долбоору менен тааныштырып өттү.
«Манас борборунун» келечекте курулуучу комплексине: «Манас академиясы» (билим берүүчү окуу жайы, илим изилдөө институту жана ар кандай курстар, семинарлар өтүүчү жайлар); «Манас» музейи (элибиздин тарыхын, дөөлөттөрүн, эпос боюнча даректер ж.б); Улуу манасчылардын айкелдеринин аллеясы; Манасчылардын өнөрканасы; Эл аралык илимий конференциялар, жыйындар өтүүчү, концерт берүүчү миң орундук зал; Улуттук ордо жана башка оюндар өтүүчү спорт комплекстери; Конок үйү, тамак-аш жайлары ж.б. кирет.
Талкууга катышкан депутаттар бул долбоордун учурда улуттук идеологияны калыптандырууга өтө керектигин жана аны түзүү да зор жоопкерчиликтүү экендигин белгилешти. Манас – улуттун биримдигин бекемдөөчү жана тарбиялык мааниси улуу мурас экени танылгыс. Андыктан бул маселени чечүү бүткүл элдик милдет ишке айланаарын баса белгилеген депутаттар, жигердүү сунуштарын ортого салды.

Категория: ---