Статьяларды сортто: Дата | популярности | посещаемости | комментарийлер менен | алфавит менен

Саякбай Каралаевдин “Манас” эпосунун биринчи бөлүгүнүн академиялык басылмасы толук жарык көрдү

Автор: sanjar от 29-04-2015, 20:28, посмотрело: 27

0 Бишкек, 27-март /Кабар/. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы эпостун үчилтигинин басылышы 1992-жылы Адабият жана көркөм өнөр таануу институтунда башталып, кийин Манас таануу жана көркөм маданияттын Улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда уланып, даярдалып бүткөн эле. Бирок, каражат тартыштыгынан улам акыркы 4-тому жаңыдан эле “Турар” басмасынан 1000 нуска менен жарык көрдү. Китепти басмага даярдагандар Айнек Жайнакова жана Райкул Сапарбеков, башкы редактору Абдылдажан Акматалиев.
““Манас” эпосуна байланыштуу Улуттук Программаны ишке ашыруу үчүн Өкмөт тарабынан өткөн жылы миллион сом бөлүнүп берилген эле. Алдыда С.Каралаевдин вариантындагы “Семетей” жана “Сейтек” бөлүмдөрүн да басмадан чыгаруу керек. Бирок, азырынча эпостун бул бөлүмдөрүнө каражат бөлүү чечиле элек”-дейт долбоордун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев.

Категория: ---

 

Балыкчыдагы эстеликтердин сапаты сындалууда

Автор: sanjar от 29-04-2015, 20:20, посмотрело: 22

0 Балыкчыдагы эстеликтердин сапаты сындалуудаБалыкчы шаарында апрель баатырларына жана манасчы Саякбай Каралаевге коюлган эстеликтердин сапаты жергиликтүү элди канааттандырбай жатканын шаардык кеңештин төрага орун басары Марат Акатов “Азаттыкка” билдирди.

Акатовдун айтымында, шаардык мэрия апрель баатырларынын эстелигине 1 миллион, ал эми Саякбай Каралаевдин айкелине 3,5 миллион сом бөлгөн. Бирок жергиликтүү тургундар жалдаган көз карандысыз эксперттик комиссия эстеликтерге бул каражаттардын жарым-жартылайы гана пайдаланылган деген корутунду чыгарган. Анда эстеликтерге арзан кафель, металлдар колдонулганы айтылат.

Балыкчы шаарынын мэри Марат Турдубаев эстеликтерди куруу мурдагы жетекчилердин учурунда башталып, курулуш компанияларына тендер ошол учурда өткөрүлүп, тандалып алынганын билдирди. Шаардык кеңештин депутаттары бул иш боюнча прокуратурага арыз даярдап жатышат. (Asa)

Категория: ---

 

Мамлекет башчысы "Манас" эпосун, ошондой эле жазуучу Чы?гыз Айтматовдун жана башка кыргыз авторлорунун чыгармаларын ке?ири жайылтуу ишине кошкон салымы ?ч?н Александр Жирковго ыраазычылык билдирди.

Автор: sanjar от 29-04-2015, 20:16, посмотрело: 25

0

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. ?лк? башчы Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына караштуу Саха Республикасынын (Якутия) мамлекеттик жыйынынын (Ил Тумэн) т?рагасы, "Д?йн? элдеринин эпостору" эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Александр Жирковду кабыл алып, ага "Да?к" медалын тапшырганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Атамбаев Александр Жирковго "Манас" эпосун, ошондой эле жазуучу Чы?гыз Айтматовдун жана башка кыргыз авторлорунун чыгармаларын ке?ири жайылтуу ишине, мамлекеттик ишмер Максим Аммосовдун ысмын т?б?л?кк? калтырууга кошкон салымы ?ч?н ыраазычылык билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Александр Жирков Кыргызстан менен Саха Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки тараптуу байланыштарды жандандырууда жана тере?дет??д? биргелешкен ишти улантуунун маанисин баса белгилешти.


Sputnik Кыргызстан: http://sputnik.kg/politics/20150420/1015158359.html#ixzz3YiFLEhtA

Категория: ---

 

Казат Акматов: «Бүбүмариамдын «Айкөл Манас» дастанын аягына чыкпай туруп эле жаап салдым»

Автор: sanjar от 29-04-2015, 20:13, посмотрело: 26

0
Казат Акматов: «Бүбүмариамдын «Айкөл Манас» дастанын аягына чыкпай туруп эле жаап салдым»

Казат Акматов: «Бүбүмариамдын «Айкөл Манас» дастанын аягына чыкпай туруп эле жаап салдым»Жазуучу, драматург, коомдук ишмер Казат Акматов Манас изилдөөчү, журналист Чолпон Субакожоеванын «Ачуу чындык акыйкат сөз» китебине калемдеши, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана «Манас» эпосу тууралуу кызыктуу маек куруп берген эле, ошол маекти окурман журтчулугуна тартылоону эп көрдүк.

- Казат агай, айтылуу «Манас» эпосуна Чыңгыз Айтматов кайрылган. Саякбай Каралаев жөнүндө керемет эскерүүлөрү, китептерде, кинодо калды. Өзү «Манас» эпосунан үзүндү айтканбы? Алп жазуучубуз айткандай «Манас» эпосу дүйнөгө мактанып көрсөтө турган биздин руханий паспортубуз экенин «Манас» эпосу өзү тастыктап атат. Айтсаңыз, досуңуздун «Манас» эпосуна мамилеси кандай эле?

— Чыкемдин «Манас» айтканын уккан эмесмин. Бирок чыгармаларында анча-мынча кайрылган. Мисалы, «Кайрылып куштар келгенче» деген романында баштаган. 1-2-бөлүмүнөн кийин токтоп калды. Таластагы «Манас тоосу» бар эмеспи, «Манас чоку» деп коюшат, Маймак айылынын бет маңдайында. Ошол тоонун түбүндөгү мектепке барган классташтары жөнүндө: Султанмурат, Мырзагүл, Анатай аттуу балдардын окуяларынан башталат. Манасты кара сөз менен жазам деп ойлоп жүрдү. А түгүл кайсы бир маегинде ошондой ниетим бар деп жарыя да кылып койгон жери бар. Ушул жерден, Чолпон сенин сурооңду терең ойлонушка туура келет. «Чыңгыз Айтматовдун Манас эпосуна жазуучулук жеке мамилеси кандай эле?» деп жатпайсыңбы. Жогоруда коомдук, жарандык мамилесин бир топ эле айттык. Бирок сүрөткерлик жеке мамилесин ушуга дейре бирибиз дагы, мейли жазуучу, мейли илимпоз, манастаануучу болобу, айтор эч бирибиз айтпай же болбосо айта албай келе жатабыз. Турмуш көрсөткөндөй, таланты ташкындап, күч-кайраты көкүрөгүн тээп турган кезде кыргыздын бир топ кыраандары Манасты башка жанрда кайрадан жаратып жиберсем деген жаштык дымак менен колунан келгенин жана келбегенин дагы жасашпадыбы. Аттарын айтып не, бирок улуу эпостон опера, драма, чала-була кинолента, ал түгүл маанисин ойкутуп-кайкытып ыр түрмөктөрүн дагы жазып жиберишти. Ошолордун баарысын окуп, көрүп, угуп отуруп аргасыздан «эпигонство» деген термин эске түшөт. «Эпигон» деген гректин «кийин туулган» деген түшүнүктү берген сөзү. Башкача айтканда мурун бир керемет менен жаралган чыгарманы карандай ээрчип, даамы-тузун кем кылып экинчи жолу жазуу деген маани. Өз кезинде Чыкем дагы, ушул азгырыкка туш келбей койбоптур. Маселен «Кайрылып куштар келгенче» повести. Мунусун ал киши 45 жаш курагында, анча деле жаш эмес кезинде баштап келип бүтпөй токтоп калган. Дал ошол эки главасын жазып келген кезде кайран Чыкем түшүнгөн экен деп ойлойм. Манаска алтындан чапан кийгизип, бриллиант кур курчасак дагы, Аккуладан алты эсе күлүк ат мингизип, ач албарсын алмаздан куйсаң дагы реалдуу Манас «чоң жинди» өзүнө окшобой калаарын баамдаган.

Көбү жалган, көбү чын
Көрүп турган киши жок.
Көпчүлүктүн көөнү үчүн,
Жармы жалган, жармы чын,
Жанында турган киши жок,
Жарандардын көөнү үчүн, — деп акыйкат сөздү ачык айтып жаралган теңдеши жок улуу эпоско башка кандай гана чыгарма болбосун эч убакта окшобой калаарын кыраан Чыкем түшүнгөн экен. Эгерде ошондо түшүнүп дароо өзү айткандай океанга уруп кете берсе аталган повестин же романдын аягына дейре көтөрүп бүтүрсө, атаганат зор жазуучубуз Манас тоосуна капилет урунуп канатын кайрып алат беле, ким билет?

Категория: ---

 

Атамбаев Жирковго "Манас" эпосун жыйылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди

Автор: sanjar от 29-04-2015, 20:12, посмотрело: 22

0 Мамлекет башчысы Александр Жирковго "Манас" эпосун, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана башка кыргыз авторлорунун чыгармаларын кеңири жайылтуу ишине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

20.04.2015 10:07:00 : sputnik.kg

маалымат булагы: http://sputnik.kg/politics/20150420/1015158359.html

Категория: ---

 

Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Автор: sanjar от 19-01-2015, 13:07, посмотрело: 65

0 6-январь күнү Бишкектеги Манас эл аралык аэропортунун чек арасынан Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Стамбул-Бишкек каттамындагы учак менен келген аял бөлөк бирөөнүн паспорту менен Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган. Чек арачылар ал аялдын аты-жөнүн тастыктоо максатында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өткөрүп беришти деп кабарлайт КР Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү.(ZKo)

07.01.2015 07:34:22 : www.azattyk.kg

Категория: ---

 

Дисктерди көп санда чыгарууга каражат жетишсиз

Автор: sanjar от 15-01-2015, 10:17, посмотрело: 80

0 “Манас” эпосу боюнча 2017-жылга чейин беш манасчынын айтуусунда дисктер чыгарылат. Анын учурда үчүнчүсү жарык көрүп жатат. Алардын ар бирине 500 миң сомдон акча каражаты бөлүнгөн. Бирок ишти толук аткарууга бул каражат жетишсиз – дейт манасчы Рыспай Исаков. 19-декабрда КР өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан чыгарылган «Манас» эпосунун...

24.12.2014 11:39:58 : kmb3.kloop.kg

Категория: ---

 
Назад Вперед